КМУда “Морфологиялык талдоонун негиздери” аталышында конок-лекция өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда К. Карасаев атындагы БМУнун профессору Айша Кармышакова “Морфологиялык талдоонун негиздери” аталышында конок-лекция өттү. Иш-чара предметтик жумалыктын алкагында уюштурулуп, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты. Конок-лекциянын жүрүшүндө морфологиялык талдоонун ыкмалары, аны практикада туура колдонуу жолдору белгиленди жана студенттердин…