| |

КМУда «Музыкалык искусство — баатырларды даңазалоонун көркөм жолу» студенттик ИПК өтүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинде «Музыкалык искусство — баатырларды даңазалоонун көркөм жолу» аталышында студенттик илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Конференциянын максаты — И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында музыка аркылуу тарыхый эстеликтерди, патриоттук сезимди жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо, студенттердин чыгармачыл жана изилдөөчүлүк жөндөмүн өнүктүрүү, улуттук искусствонун дүйнөлүк маданияттагы ордун ачып көрсөтүү.

Конференцияда студенттер баяндамаларын окуп, музыкалык чыгармаларды аткарууда.

Иш чара Искусство жана дизайн факультетинин музыка кафедрасынын илимий изилдөө иштери боюнча жооптуу кызматкер Толтоев Алтынбек Равшанович тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *