| | |

КМУда «Алыкул жана «Манас»аталышында лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Бакытжан Мырзатаева «Алыкул жана «Манас»аталышында лекция өттү.

Иш-чара предметтик жумалыктын алкагында уюштурулуп, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Лекциянын жүрүшүндө акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгындагы «Манас» эпосуна болгон мамилеси, анын эпоско арналган поэтикалык ой жүгүртүүлөрү, көркөм эстетикалык көз караштары туурасында кеңири маалымат берилди.

Бул иш-чара студенттердин улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттырууга, акындык мурас менен эпикалык мурастын байланышын изилдөөгө шыктандырып, маданий жана адабий аң-сезимди тереңдетүүгө өбөлгө түздү.

Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *