КМУнун студенттери «Улут Уңгусу» аталышындагы иш-чарага катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Камералык хорунун 50 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Улут Уңгусу» аталышындагы театрлаштырылган концертке катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Музыка кафедрасынын профессору Гүлмира Маматова жана Искусство жана дизайн факультетинин студенттеринен түзүлгөн хор өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Иш-чара студенттер үчүн музыка жана маданият жаатындагы көркөм тажрыйбасын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.
