| |

КМУда Нооруз майрамына карата колго жасалган эмгектердин көргөзмөсү өттү

Бүгүн, 20-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Нооруз майрамына карата «Улустун улуу күнү» аталышында иш-чара өтүүдө.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттукнарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окуу жайдын курам жетекчилери, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө сүмөлөк ачуу аземи жана улуттук оюндар — аркан тартыш, кыргыз күрөш, ордо, кол күрөш боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Нооруз майрамына арналган Искусство жана дизайн факультетинин жана Гуманитардык-педагогикалык колледжинин студенттери жана бүтурүүчүлөрү тарабынан даярдалган “Улустун улуу майрамы” колго жасалган баалуу эмгектеринин көргөзмөсү менен ИДФтин ага окутуучусу Лайли Амираева тааныштырды.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *