КМУда “Чыр-чатакты алдын алуунун негиздери жана улуттук идеология” аталышында семинар өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын доцентинин м.а., философия илимдеринин кандидаты Мария Высоцкая “Чыр-чатакты алдын алуунун негиздери жана улуттук идеология” аталышында семинар өттү.
Семинарга Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Семинардын максаты: кагылышуулар учурунда сүйлөшүү жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү, өз позициясын жактоо, дипломатиялык көндүмдөрдү өздөштүрүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге практикалык тапшырмалар берилип, өз кемчиликтерин байкап, кайсы көндүмдөрдү бекемдөө керектиги тууралуу маалымат берилди.


