| | |

КМУда корей тили декадасынын ачылыш аземи өттү

Бүгүн, 17-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде корей тили декадасынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө корей маданияты, улуттук бийи жана улуттук оюндары тууралуу маалымат берилди.

Иш-чара КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *