| | |

КМУда “Жылдызга карай жол” аталышында иш-чара өттү

11-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Светлана Артыкованын 85 жылдык юбилейине жана 12-апрель – эл аралык космонавтика күнүнө карата “Жылдызга карай жол” аталышында иш-чара өттү.

Иш-чара КМУнун Физика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын предметтик жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ага физика-математика илимдеринин кандидаты Светлана Артыкова, КМУнун Физика-математика факультетинин деканы Гүлзат Токонбекова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө адамзаттын космоско болгон саякаттары, космосту изилдөө жана астрономиянын жаңы ачылыштары тууралуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Иш-чара Физика-математика факультети тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *