КМУда “Жашыл университет жана жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу” аталышында семинар өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун «Жашыл технологиялар жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу» борборунда “Жашыл университет жана жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу” аталышында семинар өттү.
Иш-чарага КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Гүлназ Жалилова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чара “GreenKG” долбоорунун алкагында уюштурулуп, университеттин экологиялык туруктуулугун жогорулатуу, жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу жана жашыл экономикага өтүү жолдору боюнча талкуу жүргүзүлдү.
Долбоордун негизги максаты: Кыргызстандын жогорку окуу жайларында “жашыл” жана “санариптик” университеттердин моделин түзүү, экологиялык билимди өнүктүрүү жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу.
Бул иш-чара студенттердин экологиялык аң-сезимин жогорулатып, жашыл көндүмдөрдү калыптандырууга өбөлгө түзөт.






