| | |

КМУда “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы республикалык сынактын салтанаттуу ачылыш аземи башталды.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы республикалык сынактын салтанаттуу ачылыш аземи башталды.

Аталган иш-чара И. Арабаев атындагы КМУда КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте жогорку билим берүү баскычында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, окутуунун тили катары мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеӊейтүү, мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдорун, жаӊы ыкмаларын аныктоо жана аларды билим берүү процессинде колдонуу жана жайылтуу максатында уюштурулган.

Адаттагыдай, сынак мамлекеттик тилди эне тили, экинчи тили катары жана чет тил катары окуткан окутуучулар арасында өткөрүлөт.

Сынак Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруунун алкагында республикабыздагы жогорку окуу жайларынын арасында жүргүзүлөт.

Иш-чарага КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Карлыгач Жумакадырова, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетекчиси Аркарбек Мамытов катышууда.

Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *