| | |

КМУнун окутуучулары Өзбекстанда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун директору Казиева Г.К., профессордук-окутуучулар курамы Мырзадаирова Д.Ш., Узакова М.К., Жапарова З.Б. жана Куканова М.А. Өзбекстан Республикасынын Ташкент колдонмо илимдер университетинде өткөн «Заманбап билим берүү системасын өнүктүрүүгө интеграциялык мамиле: көйгөйлөр, чечимдер жана перспективалар» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференциянын жүрүшүндө Индия, Кыргызстан, Казакстан, Россия, Америка, Азербайжан, Иран, Канада, Түркия жана башка мамлекеттерден келген окумуштуулар билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү жана алардын чечүү жолдорун талкуулашты.

Конференциянын алкагында И.Арабаев атындагы КМУ менен Ташкент колдонмо илимдер университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюлду. Бул келишим профессордук-окутуучулар курамынын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тажрыйба алмашууга шарт түзөт.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *