КМУнун бириккен кесиптик бирлигин төрагасы Н. Догдурбек Астанада өткөн эл аралык конференцияга катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлигин төрагасы Назар Догдурбек Казакстан Республикасынын илим жана жогорку билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык конференцияга катышты.
Иш-чара Астана шаарында өтүп, анын алкагында «Кылымдык тажрыйба: тарыхый мурас — келечекке багыт» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияга чет өлкөлөрдөн келген делегациялар, эл аралык кесиптик бирикмелердин өкүлдөрү, ошондой эле, билим берүү жана илим тармагындагы адистер жана эксперттер катышты.
Иш-чарада негизги темалар катары:
— эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
— кесиптик бирликтердин натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыздоо;
— илим жана билим берүү кызматкерлеринин коомдогу статусун көтөрүү;
— жана заманбап социалдык-экономикалык шарттардагы профсоюздардын ролу тууралуу маселелер талкууланды.
Бул конференция кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган.





