| | |

КМУнун студенттери Кыргызстандагы кайрымдуулук уюмдарын бириктирүү боюнча республикалык форумуна катышышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун “Юриспруденция” багытынын студенттери Борбордук Азиядагы Америка университетинде Кыргызстандагы кайрымдуулук кыймылдарын бириктирүү боюнча өткөн республикалык форумга катышышты. Иш-чарага өлкөнүн жогорку окуу жайларынан кайрымдуулук боюнча иш алып барган студенттери катышып, кайрымдуулук тармагындагы тажрыйбалары жана демилгелери менен бөлүшүштү.

Студенттерибиз «Помогать легко» кайрымдуулук фонду менен бирге онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарды көп жолу колдоого алып, Кыргызстан боюнча алардын дарылануусуна жана моралдык-психологиялык абалына көмөк көрсөтүп келет. Университетибизде атайын кайрымдуулук акцияларын өткөрүп, балдар оюнчуктарын, гигиеналык каражаттарды, азык-түлүктөрдү чогултуп Бишкек жана Ош шаарындагы балдар онкологиялык оруканаларына жеткирип турушат. Ыктыярчылар дайыма балдар онкологиялык борборуна барышып, оюн-зоокторду уюштуруп, клоунотерапия аркылуу көңүл көтөрүү иш-чараларын өткөрүп келишет.

1-майда өткөн форумдун негизги максаты — кайрымдуулук менен алектенген уюмдардын жана ыктыярчылардын ортосундагы өз ара байланыштарды бекемдөө, биргелешкен аракеттерди координациялоо жана жардам көрсөтүүдө күчтөрдү бириктирүү болуп эсептелет.

Мындай иш-чараларга студенттерди ыктыярчы катары катыштыруу институттун директору, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Ч.У.Койчуманованын демилгеси жана колдоосу менен жүргүзүлүп келет.

Коомдун аярлуу катмарына кайдыгер карабай, кайрымдуулук менен жардам берүүгө чакырабыз!

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *