| | |

КМУда кыргыз жана орус предметтик декадасы ийгиликтүү жыйынтыкталды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунда кыргыз жана орус предметтик декадасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Иш-чарага Педагогика жана психология институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө декаданын алкагында өткөрүлгөн ачык сабактар, дилбаян жазуу жана көркөм окуу сынактары тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле, кыргыз жана орус элдеринин улуттук каада-салттарын чагылдырган маданий программа тартууланып, улуттук салттарды тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Бул иш-чаралар студенттердин улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттырып, тил үйрөтүүдө жаңы ыкмаларды колдонууга өбөлгө түзөт.

Иш-чара КМУнун Педагогика жана психология институтунун Башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *