| | |

КМУнун окутуучулары Кытайда өткөн эл аралык семинарга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун доценттери Гүлмира Касымалиева жана Эльмира Сейталиева Кытай Эл Республикасында өткөн “Дерево ШОС” аталышындагы эл аралык семинарга катышты.

Семинарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып, санариптик билим берүү, жаңы технологиялар аркылуу окутуунун ыкмаларын өнүктүрүү жана кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Семинардын соңунда эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *