КМУда «Металлдардын касиеттери» аталышында ачык сабак өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын окутуучусу Нуриза Камчыбекова “Металлдардын касиеттери” аталышында ачык сабак өттү.
Иш-чара химия жумалыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана Бишкек шарындагы №74 мектеп-лицейинин 11-классынын окуучулары катышты.
Лабораториялык сабакта металлдардын жалпы мүнөздөмөсү, жаратылышта таралышы, колдонулушу, алынышы, физикалык, химиялык касиеттери каралып, виртуалдык лаборатория жана химиялык эксперименттер менен жыйынтыкталды.
Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.
















