| | |

КМУда “Адам укуктары жана эркиндиктери” аталышында дубал газеталар жарышы өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата “Адам укуктары жана эркиндиктери” аталышында дубал газеталар жарышы өттү.

Иш-чаранын негизги максаты: студенттерге адам укуктарынын жана эркиндиктеринин маанисин жеткирүү, Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген жарандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө билимдерин тереңдетүү, укуктук маданиятты калыптандыруу жана жаштардын активдүү жарандык позициясын өнүктүрүү.

Бул иш-чара студенттердин укуктук түшүнүгүн кеңейтип, алардын жарандык аң-сезимин жана жоопкерчилигин калыптандырууга шарт түздү.

Иш-чара КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *