КМУда «Кыргыз менеджмент системасын калыптандыруу» аталышындагы китептин бет ачары өтүүдө
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Кыргыз менеджмент системасын калыптандыруу: теориялык негиздер, моделдер жана өнүгүү векторлору» аталышындагы китептин бет ачары өтүүдө.
Иш-чарага КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, китептин авторлору, профессор Феликс Турдукулов, доцент Эльмира Турдукулова, Экономика жана менеджмент институтунун директору, профессор Калыбек Абдыкадыров, Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев, «Дордой» ассоциациясынын ардактуу президенти Аскар Салымбеков, көрүнүктүү окумуштуулар, мамлекеттик ишмерлер жана практиктер катышууда.
Бул эмгек Кыргызстанда улуттук башкаруу системасын түзүү жана анын теориялык негиздерин иштеп чыгуу багытында жүргүзүлгөн алгачкы комплекстүү илимий изилдөө болуп саналат. Анда өлкөнүн маданий, тарыхый жана социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрү эске алынган.
Иш-чара КМУнун Экономика жана менеджмент институту тарабынан уюштурулду.









