КМУда Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата иш-чара өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунда Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата «Эч ким эч качан унутулбайт» аталышында иш-чара өттү.
Иш-чарага М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышып, Улуу Жеңиштин тарыхый мааниси жана кыргыз жоокерлеринин эрдиктери тууралуу маалыматтар берилди.
Иш-чаранын алкагында институттун профессордук-окутуучулар курамы М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейине барышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө музейдин кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы өлкөнүн ички турмушу жана М.В.Фрунзенин өмүр жолу тууралуу кеңири маалымат беришти.



